Бүгүн, Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата арналган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Бобукеева Меергуль Рыскулбековна Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети уюштурган илимий-практикалык конференцияга катышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмерлиги жөнүндө студенттер үчүн мейман лекциясын өткөрдү.
Лекцияда судья Конституциянын мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы мааниси, Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча орган катары Конституциялык палатанын ролу жана орду тууралуу айтып берди. Судья конституциялык контролдоонун түрлөрүнө кеңири токтолду.
(more…)