02.02.2016

Үстүбүздөгү жылдын 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жылдык чогулушу болуп өттү, анда Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери катышты.
Жылдык чогулушту ачып жатып, Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев, 2015-жылы Конституциялык палата институционалдык өнүктүрүү планында көп жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилеп өттү. «Үстүбүздөгү жылы биз бирге көптөгөн милдеттерди чогуу аткарышыбыз керек, бул жыл биздин ар бирибиз канчалык майнаптуу, чыгармачыл, натыйжалуу иштээрибизден көз каранды болот» - деп кошумчалады Мукамбет Касымалиев.
(more…)