Конституциялык палата 2019-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады. Кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды, анткени мүлк мүнөзүндөгү жарандык доолор боюнча мамлекеттик алымдын негизделбеген көп өлчөмү соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн чыныгы тоскоолдукка айланууда. Бирок мамлекеттик алымды төлөө маселесинде укуктук боштукту жокко чыгаруу максатында жана акылга сыярлык токтоолук принцибин жетекчиликке алып, Конституциялык палатанын чечиминде кийинкиге калтыруу шарты менен талашылып жаткан ченем 2019-жылдын 16-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таанылды.