Меню навигации+

Жаңылыктар

16.02.2015
2015-жылдын 12-13-февралында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жылдык чогулушу болуп ѳттү , ага судьялар, Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты. (more…)
19.01.2015
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыровдун Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.   Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы конституциялык сот адилеттигинин өнүгүү маселелерин талкуулашты, өзгөчө алар Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга токтолушту. (more…)
09.01.2015
27-декабрда Бишкекте “Сот адилеттигине жетүүнү натыйжалуу алга жылдырууда судьялардын уюмдарынын ишмердүүлүгү” темасында конференция болуп өттү.   Конференцияга Кыргыз Республиикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун судьялары, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (more…)
22.12.2014
2014-жылдын 10-16 декабрында Лакноу шаарында (Индия) “Бүткүл дүйнөлүк мыйзам жана бүт дүйнөдөгү балдарды коргоо үчүн натыйжалуу глобалдык башкаруу” деген аталыштагы Монтессори шаардык мектеби тарабынан уюштурулган 15 - Судьялардын эл аралык конференциясы болуп өттү. Бул мектеп, эң көп мектеп окуучулары окуган мектеп катары Гиннестин рекорддор китебине кирген (азыркы учурда 47000 ден ашык окуучу окуйт) жана 2002-жылы тынчтык билим берүүсү үчүн ЮНЕСКОнун сыйлыгы менен сыйланган жалгыз мектеп. (more…)
11.12.2014
Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен биргелешип, конституциялык сот адилеттигин колдоо долбоорунун алкагында Жетектөөчү комитеттин отурумун өткөрүштү. Долбоор Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ПРООН тарабынан ишке ашырылды. Катышуучулар төрт тараптуу кызматташуунун натыйжаларын талкуулашып, эл аралык менеджерлердин отчетторун, орто мөөнөттүү баалоонун натыйжаларын угушуп, 2015-жылга пландарды белгилешти. (more…)
02.12.2014
Үстүбүздөгү жылдын 23 - 30 – ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин курамындагы делегациясы Испаниянын Конституциялык сотуна, Адам укугу боюнча Европа сотуна таанышуу сапары менен барышты. (more…)
25.11.2014
2014-жылдын 16-22–ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери Молдова Республикасы менен Латвия Республикасынын конституциялык сотторуна барып келишти. (more…)
13.11.2014
Кыргызстандагы БУУнун Ѳнүктүрүү программасы (ПРООН) улуттук жана эл аралык өнөктөштөрү менен координациялык жолугушуулардын биринчисин өткөрдү. Жолугушууда 2014-жылдагы долбоорлордун негизги натыйжалары, ошондой эле “Демократиялык башкаруу” багыты боюнча мындан аркы аракеттердин планы талкууланды. (more…)
24.10.2014
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Ч.Айдарбекова жана М.Бобукеева АКШда Калифорниянын Сан-Диего шаарында 15-19-октябрында болуп өткөн «Сот адилеттигинин чыныгы жеткиликтүүлүгүн коргоо жана өнүктүрүү» темасында өткөн АКШдагы айым–судьялардын Улуттук ассоциациясынын (NAWJ) жыл сайын өтүүчү 36-конференциясына катышып келишти. (more…)
24.10.2014
2014-жылдын 17-жана 23-октябрында Кыргыз Республикасынын сот системасынын бюджеттик программасын иштеп чыгуу боюнча тренингдер цикли болуп өттү, ал КР Жогорку сотунун Констициялык палатасы, КР судьялар Кеңеши жана Европа Биримдиги-ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Констициялык палатасынын ишмердүүлүгүнө көмөк көргөзүү» долбоорунун колдоосу менен КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти жана башка сот органдарынын активдүү катышуусу менен өттү. (more…)
23.10.2014
22-октябрда Конституциялык палатанын имаратында «Интерактив» консалтинг борбору тарабынан даярдалган «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өнүгүүсүнүн потенциалын баалоонун натыйжалары тууралуу» презентация болуп өттү.   Конституциялык палатанын кызматкерлеринин алдында Борбордун жетекчиси, башкаруу боюнча консультант, бизнес-тренер, психолог жана коуч Михаил Мунькин чыгып сөз сүйлөдү, ал катышуучуларга документтердин анализин, терең интервью жана судьялар менен кызматкерлердин арасындагы анкетаны камтыган изилдөөнүн натыйжалары жѳнүндѳ айтып берди. (more…)
13.10.2014
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы ушул жылдын 8-12-октябрында төрага Мукамбет Касымалиевдин башчылыгы алдында Азербайжан Республикасында Баку шаарында иш сапары менен болушту. (more…)
07.10.2014
Ушул жылдын 28-сентябрынан 1-октябрга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Конгресстин 3-конференциясы болуп ѳттү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын атынан Мукамбет Касымалиев төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы катышып келди. (more…)
15.09.2014
Ушул жылдын 12-14 - сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде Конституциялык палатанын Европа Союзу жана ООНдун Ѳнүктүрүү Программасы менен биргеликте уюштурулган «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү» Долбоорунун көчмө иш чарасы болуп ѳттү. (more…)
11.09.2014
Тереӊ аза күтүү менен Кыргыз Республикасынын юридикалык коомчулугу орду толбос жоготууга учураганын билдиребиз. 2014-жылдын 11-сентябрында 62 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы, жакшы адам жана акылман насаатчы Макешов Джумадил Макешович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. (more…)
29.08.2014
Бүгүн 29-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча Улуттук кампаниянын алкагында өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын тапшырышты. (more…)
22.07.2014
15-июлдан 18-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде КР ЖС Конституциялык палатасы Европа Союзу жана ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам көргөзүү» долбоору менен биргеликте Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн алардын кесиптик потенциалын жогорулатуу үчүн конституциялуулуктун Жайкы мектебин өткөрүштү. (more…)
27.06.2014
Үстүбүздөгү жылдын 21-26-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Европа Союзу жана БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын «Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоору менен бирге журналисттер, юристтер, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, илимий чөйрө жана ЖОЖдун өкүлдөрү үчүн конституционалдуулук боюнча жайкы мектеп өткөрүлдү. (more…)
26.05.2014
21-23-майда Кыргызстанда «Конституциялык сот адилеттигинин кепилдиги катары Конституциялык соттордун чечимдерин аткаруу» темасында эл аралык конференция өттү. Конференция Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы, БУУнун Ѳнүктүрүү программасы (ПРООН) ишке ашырган «Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигинин тутумунун эффективдүүлүгүн жана сапатын жакшыртууну колдоо» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан уюштурулган. (more…)
08.05.2014
Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы борбордук жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн өз эшигин ачты. Судьялар эки алдыңкы ЖОЖ – Кыргыз Улуттук университетинин жана Кыргыз-Орусия (Славян) университетинин юрист-студенттерин чакырышты. Келечектеги юристтер Конституциялык палатанын иши, функциялары менен таанышып, конституциялык сот өндүрүшү тууралуу терең түшүнүк алуу үчүн келишти. (more…)