Конституциялык палата 2019-жылдын 12-июнунда Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун процесстик макулдашуну түзүүдө жабыр тарткандардын жана эрезеге жете электердин укуктарынын бузулушу бѳлүгүндѳ текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык палата өзүнүн чечиминде мамлекет жазык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө ылайык жазык жоопкерчилигинин чектерин да белгилөөгө, сот адилеттигинин максаттарына жетишүүгө ар жолдорду караштырган процедуралдарды, анын ичинде жазык жоопкерчигининин чарасын жеңилдетүүгө жана жазык куугунутугунун процедурасын жөнөкөйлөтүүгө негиздерди мыйзамдарда аныктоого ыйгарым укуктуу болот деп белгилеген.
Мыйзам чыгаруучу күнөөсүн таануу жөнүндө, кызматташуу жөнүндө жана жарашуу жөнүндө макулдашууну өзүнө камтыган процесстик макулдашуунун укуктук институтун Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар алкагында караштырган.
Бирок күнөөсүн таануу жөнүндө макулдашуу сыяктуу мындай укуктук каражат колдонулган учурда бир жагынан шектүү менен айыпкердин, экинчи жагынан, жабыр тарткандандын процесстик укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле башка жалпыга маанилүү конституциялык орнотмолорду аткарууга милдет мамлекеттен алынбай кала берет.
Мамлекет процесстик макулдашуулар институтун киргизүү аркылуу жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн орнотуу менен жабыр тарткандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун кепилдикке алуунун, ошондой эле сот адилеттигинин максаттарына жетишүүнүн, күнөлүү эместик презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптеринин сакталуусунун зарылчыгы менен байланыштуу.
Жазык-процесстик мыйзамдарда процесстик макулдашуулар институту макулдашууга жетишкен учурда алардын диспозитивдүүлүк принцибине негизделе...