Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын имаратында Конституциялык палатанын судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин жыйыны болуп ѳттү.
Жыйындын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов салтанаттуу жагдайда Кыргыз Республикасында юстиция органдарынын системасынын түзүлүшүнѳ салым кошкондугу үчүн Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиевге «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 90 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

10.07.2017
Конституциялык палатанын пресс-катчысы Назгуль Нурбекова жана Жогорку соттун, Нарын жана Джалал-Абад областтык соттордун пресс-кызматтарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын маалыматтар каражаттарынын бир катар журналисттери учурдагы жылдын 2-июлунан 7-июлуна чейин таанышуу иш-сапары менен Германия Федеративдик Республикасында болушту.
Бул иш-чараны Европа союзу каржылаган жана Эл аралык кызматташтык Германия коому (GIZ) жүзөгө ашырган «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору уюштурган.
(more…)
05.07.2017
Конституциялык палата 2017-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерди, ага ылайык шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары өтүүгө тийиштүү эмес.
Бул ишти кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченемди шектүүнү, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарынын көрсөтмө берүү ниети болгон учурда аларды суракка алууга жол бербеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган.
(more…)