Меню навигации+

Жаңылыктар

29.02.2016
26-февралда Бишкекте «Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоо маселелери» темасында тегерек стол болуп ѳттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьялары, юридикалык коомчулуктун, илимий чѳйрѳнүн, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү катышышты.   Тегерек столдун максаты Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоонун бирдиктүү усулдарын түзүү үчүн соттук тажрыйбаны жалпылоо чѳйрѳсүндѳгү маселелерди талкулоо болду. (more…)
15.02.2016
8-февралдан 12-февралга чейин Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун пресс-катчылары үчүн тренинг өттү, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын областтык сотторунун пресс-катчылары катышышты.   Бул окутуучу иш чаранын максаты сот тутумунун пресс-катчыларынын потенциалын жогорулатуу, соттордун ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулукка өз убагында маалымат берип туруу болуп саналат. (more…)
02.02.2016
Үстүбүздөгү жылдын 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жылдык чогулушу болуп өттү, анда Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери катышты.   Жылдык чогулушту ачып жатып, Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев, 2015-жылы Конституциялык палата институционалдык өнүктүрүү планында көп жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилеп өттү. «Үстүбүздөгү жылы биз бирге көптөгөн милдеттерди чогуу аткарышыбыз керек, бул жыл биздин ар бирибиз канчалык майнаптуу, чыгармачыл, натыйжалуу иштээрибизден көз каранды болот» - деп кошумчалады Мукамбет Касымалиев. (more…)
29.12.2015

Урматтуу кыргызстандыктар!

    Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!   Эски жылды узатып жатып, биз анын кубанычтуу жана кайгылуу учурларын эстейбиз, бирок келе жаткан Жаңы жыл ар бирибиз жана бүткүл өлкөбүз үчүн жакшы жана ийгиликтүү жыл болсо экен деп ишенебиз.   Жаңы жылда сиздерин бардык тилегиңиздер аткарылсын, ар бир баштоолоруңуз ийгилик менен коштолсун, Жаңы жыл чыгармачылык эргүү жана жемиштүү жаратуучу эмгек алып келсин!   Чын жүрѳктѳн ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, асыл үмүттөрдүн аткарылышын, тынчтык жана бакубаттуулук, ар бир үйгѳ кубаныч жана ынтымак тилеймин!   Келе жаткан жыл биздин элдин биримдигин мындан да бекемдеген, Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүүнү алып келген жылдардан болсун!      

Эң жакшы тилектер менен

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

       Конституциялык палатасынын Тѳрагасы

М. Касымалиев

23.12.2015
Бүгүн, 23-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперттердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. (more…)
22.12.2015
В рамках проекта ПРООН было проведено независимое социологическое исследование с целью выявления уровня знаний граждан о Конституции КР, правах и свободах человека, функциях Конституционной палаты ВС КР. (more…)
15.12.2015
В рамках проекта ПРООН было проведено независимое социологическое исследование с целью выявления уровня знаний граждан о Конституции КР, правах и свободах человека, функциях Конституционной палаты ВС КР. (more…)
15.12.2015
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ЖМК жана интернет басылмаларынын журналисттери арасында Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдыруу боюнча сынак жарыялайт.   Сынактын максаты Жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ маалымдуулугун жогорулатууга жардам берүү.   Бул сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулукка жеткиликтүү маалымат берүү менен камсыз кылууда ЖМК  мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу үчүн жүргүзүлүүдө. (more…)
14.12.2015
Бүгүн Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдүн сот органынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатышат.   Конституциялык сот адилеттиги Кыргызстан үчүн салыштырмалуу укуктук институт болуп саналат, анын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстѳмдүгүн жана түздѳн-түз аракеттерин, жеке инсандын укугун жана эркиндигин камсыз кылууда турат. Конституциялык сот адилеттигинин биринчи кезектеги өзгөчөлүгү болуп укук маселелерин чечүү гана иш милдети саналат. (more…)
09.12.2015

 Урматтуу кыргызстандыктар!

 

  Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алуу дүйнѳлүк маанидеги тарыхый окуя, ал эми Декларациянын ѳзү азыркы замандын эң бир кѳрүнүктүү документи болуп саналат.   Адам укуктарынын жалпы декларациясында камтылган негизги принциптер  Кыргыз Республикасынын Конституциясында дагы келтирилген. Ѳз учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциянын жана укуктун үстѳмдүгүн камсыздоодо адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ѳзүнүн ишин жигердүү алып барууда.   Конституциялык палата укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандарга карата сот адилеттигин калыбына келтирүү менен Адам укуктарынын жалпы декларациясында белгиленген баалулуктарды сактоого жана бекемдѳѳгѳ умтулат.   Учурдан пайдаланып, кыргыз коомчулугун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 67 жылдык мааракеси менен жана Адам укуктарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын.  

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Тѳрагасы Мукамбет Касымалиев

08.12.2015
Бишкекте 8-декабрда БУУѲПтун 2015-жыл үчүн «Демократиялык башкаруу» программасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жана 2016-жылга боло турган иш-чаралардын планын талкуулоо боюнча жыл сайын өтүүчү жолугушуу болду.   Иш-чарада 2015-жылдан кийинки туруктуу өнүгүү тармагындагы максаттардын, Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУѲП) ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын кыскача баяны жана анын түзүмү  сунушталды. (more…)
16.11.2015
13-14-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КР ЖС Конституциялык палатасынын судьяларынын, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУѲПтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда КР ЖС Конституциялык палатасынын мааниси жана ролу» темасында тегерек стол өттү. (more…)
13.11.2015
12-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр – Европалык бирликтин, БУУѲПтун жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы тарабынан уюштурулган конституциялык сот адилеттигин колдоо боюнча долбоорлордун жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйынтыктоочу конференция өткөрүштү, анын жүрүшүндө уюштуруучулар маалыматтар жана долбоорлордун жыйынтыктарын кеңири кызыкдар коомдоштук менен бөлүшүштү. (more…)
11.11.2015
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ушул жылдын 6-ноябрында «Кыргыз Республикасындагы заманбап баскычтагы конституциялык сот адилеттүүлүгү» темасында тегерек стол уюштурду, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьялары жана Кыргыз Республикасындагы БУУѲПтун өкүлдөрү катышты.   Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Конституциялык палатанын Төрагасы М. Касымалиев бул иш-чара Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда сот бийлигинин эки институтун жакындаштыруу максатын көздөй тургандыгын белгиледи. (more…)
02.11.2015
2015-жылдын 28-октябрынан 29-октябрга чейин Страсбург шаарында, Францияда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Төрага М. Касымалиев менен бирге Борбордук Азиянын мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарынын регионалдык Конференциясынын ишине катышышты, ал «Конституциянын үстѳмдүгүн коргоодо конституциялык контролдоонун ролу» деген темада өттү. (more…)
13.10.2015
2015-жылы 8-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Төрагасы М. Касымалиевдин жетекчилиги алдында «Сот бийлигин бекемдөө ишинде конституциялык соттордун ролу: доктриналык жүрүштөр жана заманбап чакырыктар» темасында болгон ХХ Ереван эл аралык конференциясына катышышты.   Конференция Европа Кеңешинин «Укук аркылуу демократия үчүн» Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) жана жаңы демократия мамлекеттерин конституциялык көзөмөлдөө органдарынын конференциясынын көмөгү алдында уюштурулган жана Армения Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына жыйырма жыл толгонуна жана Армения Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөнүн жыйырма жыл толгонуна арналган. (more…)
09.10.2015
Молдова жана Босния менен Герцеговинадан келген Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттери КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (ЖС КП) судьялары жана кызматкерлери менен эл аралык келишимдердин конституциялуулугун кароо тажрыйбасы менен бөлүшүштү.   ЖС Конституциялык палатасынын иш милдеттеринин бири болуп, эл аралык келишимдердин Кыргызстандын Конституциясына ылайык келген, мамлекет ратификациялоого ниет кылып жаткан маселелерин кароо болуп эсептелет. 2013-жылы КП негизделген учурдан баштап, буга окшогон келишимдерди экспертизалоонун прецеденти болгон эмес. Палатанын судьялары жана кызматкерлери үчүн мындай милдет келечекте гана кезигиши мүмкүн. (more…)
08.10.2015
Бишкекте Конституциялык палатанын калкасында эл аралык келишимдерин конституциялык көзөмөлдөө маселелери боюнча эл аралык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул Кыргызстандын дүйнөлүк коомдоштугуна, ар кандай келишимдик механизмдерине, биримдиктерге киргендигине байланыштуу мамлекеттеги жетишсиз иштелип чыга элек тема. (more…)
21.09.2015
Башында Төрагасы М. Касымалиев турган Конституциялык палатанын делегациясы конституциялык сот адилеттиги боюнча Душанбеде 17-20-сентябрда өткөрүлгөн Эл аралык конференцияга катышып келишти. Конференция Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун 20 жылдыгына арналган. Эл аралык конференциясынын ачылышында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон катышты. (more…)
19.08.2015
Башында Төрагасы М. Касымалиев турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы 2015-жылы 15-17-августта Джакартада, Индонезияда өткөрүлгөн конституциялык арыз боюнча Эл аралык симпозиумга катышты. Симпозиум Индонезия Республикасынын Конституциялык сотунун 12 жылдыгына жана Индонезиянын Көз карандысыздыгынын 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн салтанатка арналган. Симпозиумга дагы 17 мамлекеттин конституциялык сотторунун судьялары жана төрагалары катышышты. Эл аралык симпозиумдун ишинин жүрүшүндө делегациянын башчысы М. Касымалиев Симпозиумдун сессиясында төрагалык кылды жана Кыргызстандагы конституциялык арыздарга байланышкан кѳйгѳй боюнча доклад менен чыкты. (more…)