Меню навигации+

Жаңылыктар

26.02.2014
25-февралда «Прецедент» өнөктөш тобу тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнүн мониторинги» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ишинде жарандык коомдун, юридикалык коомчулуктун, сот корпусунун өкүлдөрү, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (more…)
25.01.2014

 

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча 2014-жылдын 13-январында  кабыл алган  чечими, массалык маалымат каражаттарында кеңири талкууга алып келгендигине байланыштуу, Конституциялык палатанын судьялары тѳмѳнкүлѳрдү билдирип, кайрылууну туура кѳрдү.   Конституциянын үстѳмдүгүн бекитүү, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо Конституциялык сот адилеттигинин  максаты болуп саналат. (more…)
13.12.2013
11-12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн коомчулук менен байланыштардын стратегиясын өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Европа Кеңешинин Венециандык Комиссиясынын жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышышты. (more…)
09.12.2013
2013-жылдын 2-декабрынан 7-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 8 судьясы, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана Конституциялык палатанын төрагасынын кеңешчиси Германия Федеративдик Республикасына (Хайдельберг ш.) жана Австрия Республикасына (Вена ш.) иш сапар менен барып келишти жана «Конституциялык көзөмөл, Конституцияны жана чыгарылган соттук чечимдерди чечмелөө методдору» аталышындагы конференцияга катышышты. Кыргызстандан барган делегациянын иш сапарынын кесиптик программасы «Кыргызстандагы жана Германиядагы конституциялык көзөмөлдү бекемдөө жана анын эл аралык келечеги» темасында болуп ѳттү. (more…)
20.11.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасында 2013-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында  29 компьютердин жана принтерлердин комплектисин, 2 сервер жана башка кеӊсе жабдууларын салтанаттуу  тапшыруу  ѳттү. (more…)
15.11.2013
13-ноябрдан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун Калмак-Ашуу айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери үчүн Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашырылган жана Европа биримдиги менен каржыланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо долбоорунун алкагында багыттоочу тренинг ѳткѳрүлдү. (more…)
30.10.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы курамында Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясына мүчө болгон мамлекеттердин депутаттары Андреас Гросс  (Швейцария), Анна Брассеур (Люксембург), Педро Аграмунт (Испания), Роберт Уолтер (Улуу Британия) жана Андрей Хунко (Германия) болгон Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы  менен жолугушту. ЕКПАнын делегациясы Кыргызстанга ЕКПАда  Кыргызстандын “Демократия боюнча өнөктөштүк” статусун алуу тууралуу кыргыз тараптын демилгесин талкуулоо боюнча  саясий консультацияларды өткөрүү үчүн келген.  (more…)
10.10.2013
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьяларынын курамында 5 адам  болгон  тобу үстүбүздѳгү  жылдын  26-сентябрынан 7-октябрына чейин АКШда иш-сапар менен болушту. Конституциялык палатадан бул иш-чарага  судьялар   Ч. Айдарбекова жана М. Бобукеева катышты. АКШга болгон иш-сапар  «Укуктун жогору болуусу» темасында болуп ѳттү. (more…)
10.10.2013
  11 111               Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм ишке ашырган  Кыргыз Республикасында сот системасын бекемдөө боюнча USAID жана  ИДЛО программасы,  кызыктар тараптарды  төмөнкү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүгө сынакка кайрадан катышууга чакырат: (more…)
01.10.2013
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров катышты. (more…)
30.09.2013
26-сентябрда Бишкекте Европалык Союз - Кыргыз Республикасы «Адилеттүү сот териштирүүгө укук жөнүндө» жарандык коомдун семинары болуп өттү. Бул семинарга Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова катышып, ачылышында сөзүн сүйлөдү. Семинар ага катышкан жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин ортосунда адилеттүү сот териштирүүгө укуктун ишке ашуу чөйрөсүндөгү идеялар жана эң жакшы тажрыйбалар менен алмашканга мүмкүнчүлүк түзүп берди. (more…)
26.09.2013
25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын веб-сайтынын  www.constsot.kg расмий презентациясы болуп өттү. Конституциялык палатанын веб-сайты ПРООНдун жардамы менен  түзүлгөн. Сайттан колдонуучулар  конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  Кыргыз Республикасында жаралуусунун жана өнүгүүсүнүн тарыхы, Конституциялык палатанын азыркы иши тууралуу, сот жыйналыштарынын календары, кабыл алынган актылар жөнүндө жана башка маалыматтар менен тааныша алышат. (more…)
12.09.2013
Сот реформасын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен USAID/IDLO Программасы өз ара түшүнүшүү жана кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюушту. Меморандумду  ишке ашыруу алкагында сот процессинин аудио жана видео протоколун жүргүзүүгө мүмкүндүк берген  электрондук сот өндүрүшүнүн маалыматтык интеллектуалдык системасын киргизүү каралууда. (more…)
11.09.2013
«Кыргызстандын юристтери ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте  ишке ашырылып жаткан «Сот актыларынын жана сот жыйындарынын калк үчүн  ачыктыгын, айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө» долбоорунун алкагында,  11-сентябрда  «www.sot.kg» интернет-ресурсунда  сот актыларын жана сот жыйындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессин баалоонун жана  мониторингдин  орто аралык жыйынтыктарын талкулоо  темасында тегерек стол болуп өттү. (more…)
03.09.2013
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбөлүктөрдү тапшырды. А. Жээнбеков сот системанын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңештин стратегиялык милдети болуп өлкөнүн судьяларынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу экендигин айтты. (more…)
21.08.2013
Конституциялык палатанын төрагасы М.Ш. Касымалиев адам укуктары боюнча БУУнун  Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча  аймактык өкүлү Армен  Арутюнянды кабыл алды. Жолугушууда  Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  азыркы өнүгүүсүнүн маселелери талкууланды жана мындан аркы кызматташуунун программасы белгиленди.
20.08.2013
Конституциялык палатанын аппаратындагы ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча аппараттын жетекчисинин буйругу менен Конституциялык палатанын аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери дайындалды. Жаӊы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппараты өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.