Конституциялык палата 2019-жылдын 11-сентябрында М.М. Жорокулов, К.Л. Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК, Б.Т. Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Бузуулар жѳнүндѳ кодекстин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди соттук коргонуу жана ишти жогору турган сотто каратуу укуктарын чектѳѳгѳ тыюу салууну караштырган Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. Мында, Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдин бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдигин, Жогорку соттун иштерди кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын жана анын актыларынын акыркы болуп эсептелээрин регламенттеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 96-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн тапкан жок. (more…)