Учурдагы жылдын 10-январында Конституциялык палатада 2018-жыл үчүн ишмерликтин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча судьялардын жана Аппарат кызматкерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү.
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жыйынды ачып жатып, 2018-жылы көп жумуш жасалган жана Кыргызстанда конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөөдө маанилүү чечидмер чыгарылган деп белгилеп кетти. Ошентип, 2018-жылы өндүрүшкө кабыл алынган иштердин жалпы санынан, 75%ы Конституцияга карама-каршы же жарым-жартылай каршы келет деп таанылган, ал эми 25%ы өлкөнүн Баш мыйзамына карама-каршы келбейт деп таанылган. Баяндалган фактылар адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, ошондой эле Баш мыйзамда түптөлгөн идеялар менен принциптерди коргоодо конституциялык контролдоо органынын ролун көрсөтүп турат.
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров 2018-жылы Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышын контролдоо жана ага мониторинг жүргүзүү боюнча иштер улантылып келгенин белгилеп кетти. «Бүгүнкү күндө Конституциялык палатанын чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жооптуу орган катары Конституциялык палатанын жыйынтыктоочу актыларынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты ай сайын берип турат» , - деп кошумча белгиледи.
Андан ары Аппараттын жетекчиси Акылбек Сарбагышов сөздү улап, 2018-жыл үчүн Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердиги тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, судьялар Конституциялык палатанын 2018-жылга карата Иш планынын аткарылышы жөнүндө маалымат менен таанышты. Отчеттун жыйынтыгы боюнча Аппарат жетекчиси отчетту жыл ичиндеги Конституциялык палатанын Иш планын жүзөгө ашырылуусун эсепке алып, Конституциялык палатанын 2019-жылга карата Иш планына киргизүү үчүн бир катар өзүнүн сунуштарын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Конституциялык палатанын судья-катчысы Меергуль Бобукееванын да баяндам...